Батыш Тик-Ток тиркемесине тыюу салат

Автор

Австрия бийлиги мамлекеттик кызматкерлердин Тик-Ток социалдык тармагын колдонууга тыюу салды. Мындай маалыматты өлкөнүн ички иштер министри Герхард Карнер билдирди. АКШ, Англия жана айрым Европа мамлекеттери коопсуздук маселесинен улам бул тиркемеге тыюу салган. Кыргызстанда быйыл депутат Шайлообек Атазов Тик-Ток тиркемеси жаш муундарга терс таасирин тийгизип жатат деп жаап салууну сунуштаган. Кыргыз парламентинин мындай демилгеси коомчулуктун сынына кабылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аида Рысбаева Билим берүү министринин жаңы орун басары болушу мүмкүн

Кызматтан кеткен Надира Жусупбекованын  ордуна Аида Рысбаева дайындалышы мүмкүн. Мындай маалыматты өздүк булактарыбызга маалымдашты. Аида Рысбаева  2020-жылы 4-мартта Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары кызматына дайындалган. Мындан мурда Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгын жетектеген. Кесиби боюнча дарыгер. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн