Батыш автобекетинин ордуна эмне жайгашат?

Автор

Бишкектеги Батыш автобекетинин имаратына Мамлекеттик каттоо жайгаштырылышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Facebook баракчасында билдирди.
Ал президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен автобекеттер шаардын сыртына көчүрүлүп жатканын эскертти. Бул калаа тургундарына ыңгайлуу шарт түзүү жана тыгындарды азайтуу максатында ишке ашырылууда.
«Президенттин тапшырмасына ылайык, Бишкектеги автобекеттердин мыйзамсыз сатылган жерлерин мамлекетке кайтаруу иштери башталды. Автобекеттердин айрым жерлери жеке тараптарга менчикке берилип, ал эми имараттары ремонттолбой эскирип баштаган. Өлкө жетекчилеринин колдоосу менен эски автобекеттер толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, мамлекеттик мекемелер жайгаштырылат», — деп жазды ал.
Анын айтымында, Батыш автобекетинин имаратына Мамлекеттик каттоо жана калкты тейлөө борбору жайгаштырылышы мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Крымга жана Россиянын шаарларына массалык чабуул болду

Жумага караган түнү Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Россиянын үч аймагы жана Крымга 100дөн ашуун учкучсуз учактар ​​чабуул койду. Билдирүүгө ылайык, Крымдын аймагында 51 камикадзе учкучсуз учак, Краснодар чөлкөмүндө 44 учкучсуз учак, Белгород облусунда алты жана Курск шаарынын үстүндө бир учкучсуз учак жок кылынган. Аба чабуулунун сигналы саат 7:00дөн кийин […]

Сизге жагышы мүмкүн