Баткен облусунун тургуну Батмакан Жолболдуева 2022-жылы камакка алынып, ал жерде зордукталганы боюнча айтып чыкты.
Анын айтымында, аны милиция кызматкерлери түрмөдө камалып отургандарга киргизип берген. 2022-жылы 13-мартта ал өзүнүн колун кесип, “Тез жардам” чакырылнаны жана медициналык жардам көрсөтүлгөнү такталды.
Баткен облустук милициясы Батмакан Жолболдуеванын милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турганда зордук-зомбулукка кабылганы боюнча ички иликтөө иштерин баштады.
Мындай маалыматты аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Батмакан Жолболдуева “Эркин деген кызматкер камераны тинттирип, анаша таптырам деп коркутту. Душка түшчү күн деп мени мончого алып киришти. Кайра артыман Н.С. аттуу камакта отурган кишини киргизип зордуктатты. Колунда учтуу бар эле. Мен да анысы менен сайып, өлтүрүп койбосун деп унчуга албадым”, – деген.
Айткандарын далилдөө үчүн ажыдан келген Куран китеп менен карганып берди.