Баткен районунда тергөөчүгө пара сунуштаган жаран кармалды

Автор

Баткен районунда тергөөчүгө пара сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер инистрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-декабрда Баткен районунун тургуну 1965-жылы туулган М.Б. аттуу жаран өзүнүн пайдасына мыйзамсыз чечим чыгаруу үчүн Баткен РИИБдин тергөөчүсүнө 4 миң доллар сунуштагандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын кызматкелери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында М.Б. аттуу жаран пара катарында алып келген 4 миң долларын тергөөчүгө берип жаткан жеринен кармалган.
Азыркы учурда М.Б.КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүүлүүдө.
Жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

Карлсон менен Лавровдун маеги жумага караган түнү жарыяланат

Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун америкалык журналист Такер Карлсонго берген маеги жумага караган түнү жарыяланат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. “Сергей Викторович Лавровдун маеги эртеңкиге өткөн түндө жарыяланат”,-деди Захарова Биринчи каналдын эфиринде. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн