Баткен окуясында курман болгон жоокерге эстелик орнотулду

Автор

Нарын облусунун Жумгал районунда 2022-жылы болгон Баткен окуясында курман болгон жоокер Жеңиш Иманбек уулуна эстелик орнотулду.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин демилгеси менен орнотулган эстеликтин ачылышы бүгүн, 25-ноябрда өттү.
Жеңиш Иманбек уулу 2022-жылы чек ара кагылышында элдин тынчтыгы, мекендин бүтүндүгү үчүн күрөшүп, 22 жаш курагында каза тапкан.
«Иманбек уулу Жеңиш инибиздин эрдигин даңазалоо максатында түрдүү спорттук иш-чаралар өткөрүлүп келет. Ошондой эле быйыл сентябрь айында Миң-Куш айылындагы мектепке ЖеңишИманбек уулунун ысымы ыйгарылды. Мындан тышкары бүгүн Иманбек уулу Жеңиштин элеси түшүрүлгөн эстеликти ачып жатабыз. Бул чек эмес. Баатырдын аты далай айтылып, далай даңкталат», — деди вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нарын облусунун Жумгал районундагы социалдык объектилердин курулуштарынын жүрүшү менен таанышууда.
Жумгалдын Таш-Дөбө айылындагы 225 орундуу мектеп жана Чаек айылындагы Чынара Дүйшеева атындагы балдар искусство мектебинин курулушу жүрүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Киевде тургундарга көчөгө чыкпоо эскертилди

Киевдин бийлиги абанын сапатынын начарлап кетишинен улам тургундарды көчөгө чыкпоого чакырды. Киев шаардык аскердик администрациясынын билдирүүсүнө караганда абанын абалы убактылуу начарлады. “Шаардын эки районунда чаң бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы жогорулаганы аныкталды”,-деп жазылат администрациянын Telegram-каналына жарыяланган билдирүүдө. Бийлик тургундарды зарылдык болбосо көчөгө чыкпоого, терезелерди жабууга жана көбүрөөк суу ичүүгө чакырды. Абанын булгануусунун себептери […]

Сизге жагышы мүмкүн