Баткен облусунда жер титиреди

Автор

Баткен облусунун аймагында 24-октябрда саат 23:40та күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөөнүн очогу Түркстан кырка тоосунун түндүк тарабында, Рават айылынан 14 км түштүк-чыгышта, Берик-Суу айылынан 14 км түндүк-чыгышта, Лейлек айылынан 20 км түштүк-чыгышта, Баткен шаарынан 52 км түштүк батышта болгон.
Жер титирөөнүн күчү Рават жана Берик-Суу айылдарында 3 баллга жакын сезилген.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин Түндүк Кореянын аскерлеринин Россияга келгени боюнча суроого жооп берди

Россиянын президенти Владимир Путин Казандагы БРИКС саммитинин жыйынтыктоочу пресс-конференциясында Түндүк Кореянын аскерлеринин Россия аймагына келип жатканы тууралуу билдирүүлөргө комментарий берди. NBC News телеканалынын журналисти Путинге спутниктен алынган сүрөттөр тууралуу суроо берип, анда Түндүк Кореянын аскерлери Россияда жүргөнү чагылдырылганын айтты. «Алар бул жерде эмне кылып жатышат жана бул Украиндагы согуштун ого […]

Сизге жагышы мүмкүн