2023-жылдын 10 айына карата Баткен облусуна дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 45,3 млн сом бөлүндү.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, аталган каражатка 25 долбоор каржыланды. Алар:
– 6 мектепке – 8,5 млн сом;
– 13 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 27,5 млн сом;
– 4 маданий маанидеги объектиге – 5,9 млн сом;
– 2 бала бакчага – 3,4 млн сом жумшалды.