2023-жылдын 11 айында Баткен облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 439,3 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен:
Бюджеттер аралык трансферттер:
Теңдөөчү трансферт – 302,3 млн сом;
Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 27,9 млн сом;
Электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 45,4 млн сом;
Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 13,6 млн сом;
Бирдиктүү салык компенсациясына – 50,1 млн сом.
Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого республикалык бюджеттен – 13,8 млн сом бөлүнүп берилди.
Ошондой эле мамлекеттик програмасына 500 млн сом, компенсация 39 млн сом каржыланды.
Жалпы – 992,1 млн сом