Баткен облусуна бюджеттен 108,5 млн сом каржыланды

Автор

Баткен облусу боюнча 2024-жылдын 2 айынын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер – 104,3 млн сом өлчөмүндө каржыланды.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
теңдөөчү трансферт – 56,4 млн сом;
айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 30,0 млн сом;
электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 17,9 млн сом;
Мындан тышкары, Баткен облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдардыкаржылоого республикалык бюджеттен – 3,2 млн сом бөлүнүп берилди.
Ошондой эле 2024-жылдын 5-февралында №34-р тескемесине ылайык 1 млн сом каржыланды.
Жалпысынан Баткен облусуна эки айда 108,5 млн сом каржыланган.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламентте Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасы талап кылынды

“Саламаттык сактоо министринин “Чёрный хирург” деген лакабы бар экен. Бул киши убагында Рысбек Акматбаев баш болгон уюшкан кылмыштуу топтун бычак сайылган же, ок жеген балдарын бекитип операция кылып жүргөн. Мен УКМК төрагасы менен башкы прокурорго айтып коёюн, бул министрдин түздөн-түз уюшкан кылмыштуу топторго тийешеси бар”,- деп билдирди Жусупбек Коргонбай уулу. […]

Сизге жагышы мүмкүн