Баткен менен Кара-Сууда кайра шайлоо белгиленди

Автор

№2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-апрелде өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимовдун жана Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карап, бир добуштан кабыл алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Медведев Евробиримдиктин элчилерин Россиядан чыгарууну сунуштады

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Евробиримдиктин элчилерин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушууга чакыруусун кабыл алуудан баш тартканы үчүн өлкөдөн чыгарууну сунуштады. “Бул элчилердин баарын Россиядан чыгаруу керек”,-деген Медведев дипломатиялык мамилелердин деңгээлин төмөндөтүүгө чакырды. Медведев Евробиримдиктин элчилеринин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы менен иштешүүдөн баш тартуусу […]

Сизге жагышы мүмкүн