Баткендин өрүгү ири өлчөмдө Кытайга экспорттолот

Автор

Быйыл Кыргызстан Кытайга ири көлөмдө өрүктү экспорттойт. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев менен Tianhuan ECO International Economy & Trade Nanjing Co. Ltd компаниясынын башкы директору Чу Цюшинин “Агро Баткен” ЖЧКсынын башкы директору Ж. Шакировдун жолугушуусунда айтылды.
Мекемеден билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстандан Кытайга багбанчылык жана коондорду экспорттоо жаатында кызматташуунун келечеги жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тараптар өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү жолдорун карап, экспорттун көлөмүн көбөйтүү жана кыргыз-кытай ишканаларынын ортосундагы ишкер байланыштарды чыңдоону талкуулашты. Продукциянын сапатын жана бардык зарыл эл аралык стандарттарга ылайык келүүсүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында Tianhuan ECO International Economy & Trade Nanjing Co. Ltd компаниясы менен “Агро Баткен” ЖЧКсынын ортосунда Кытайга ири көлөмдө өрүк жеткирүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул айыл чарба тармагында эки тараптуу кызматташуунун жогорку мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Польшада күрөш боюнча эл аралык турнир башталды

Бүгүн, 19-июнда кыргызстандык грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалары Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирге катышат. Мелдештер 19-23-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтөт. Бүгүн балбандар Акжол Махмудов жана Үзүр Жусупбеков килем үстүнө чыгат. Мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат. Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын тизмеси: 60 […]

Сизге жагышы мүмкүн