Баткен облусунун Баткен районундагы Зардалы айылына электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Зардалы айылындагы 56 турак үйгө, 2 мечит, 1 мектеп, 1 ФАП жана 1 чек ара тозотуна күн панелдери орнотулуп бүтүп, электр энергиясы берилди.
Саамалыкка энергетика министри Таалайбек Ибраев, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев баштаган жетекчилер катышып, айыл элинин кубанычына ортоктош болушту.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жеке көзөмөлү менен айылга минималдуу кубаттуулугу 303 кВт болгон автономдуу күн фотоэлектр станциясы орнотулду.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Баткен облусунун Зардалы айылына барган. Мамлекет башчысы алдыда айылга барчу жолдун курулушу башталарын, андан соң Зардалыны электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлөөрүн айтып, тийиштүү жетекчилерге тапшырма койгон.
Натыйжада эки ай аралыгында айылга күн панелдери орнотулуп, электр энергиясы берилди.