Баткенде 6 гектардан ашык жер тилкеси мамлекетке өттү

Автор

Баткенде 6 гектардан ашуун жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Мыйзамсыз жеке менчикке алынган жерлерди кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө УКМК тарабынан 189 млн сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Тактап айтканда, аталган жер тилкеси Баткен районунун Кара-Булак айылында жайгашкан жалпы аянты 6,3 га болгон З.Абдукаримов атындагы орто мектептин аймагынын бир бөлүгү болуп, мурда “Өспүрүм үмүтү” коомдук фонду тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталды.

УКМК республиканын бардык аймактарында жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен социалдык жер тилкелерин аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

13-декабрга карата аба ырайы

13-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, күндүз Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 4…9; Талас өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз 2…7; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн