Баткенде 55 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Автор

Раззаков шаарынан мыйзамсыз жеке менчикке алынган жер тилкесин мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК тарабынан жер мыйзамдарын бузууларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Раззаков шаарындагы С.Сыдыков атындагы борбордук парктын аймагындагы жалпы аянты 0,053 гектар жер тилкесин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүп берүү фактысы аныкталды.
Учурда бул жерде мейманкана бизнеси жайгашкан, ошондой эле жеке менчик мектепке чейинки мекеме иштейт.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жер тилкесинин ээси жалпы баасы 54 млн 859 миң сомду түзгөн жер тилкесин Раззаков мэриясынын балансына өз ыктыяры менен кайтарып берген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү текшерүү иш-чараларын улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Россия Түндүк Агым боюнча Германияга доомат койду

Россия расмий деңгээлде Германияга «Түндүк агым» газ түтүктөрүнүн жардырылышын иликтөө боюнча дооматтарды койду. Бул тууралуу РФ ТИМинин үчүнчү европалык департаментинин директору Олег Тяпкин билдирди. Москва Берлиндин терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө умтулаарын айтты. Дипломаттын айтымында, немис бийлиги Балтика деңизинде болгон теракттардын болжолдуу аткаруучуларынын бирин […]

Сизге жагышы мүмкүн