Баткенде 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Автор

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институту берген маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 23-июнда саат 07:51де катталып, анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Айдаркен шаарында, Жаңы-Коргон жана Тескей айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Тамакты бир нече жылытуу ден соолукка зыян

Калган тамакты бир жолу жылытса болот. Эгерде кайра  кайра жылытса, уулануу коркунучу жогору болот. Мындан тышкары, тамактын аш болумдуулугу төмөндөйт, даамы мындан ары жакшы болбойт. Андыктан, жей турган тамагыңыздын өлчөмүн гана ысытууга аракет кылыңыз. БИЗ ЖЕТИШТҮҮ ТҮРДӨ ЖЫЛЫТПАЙБЫЗ Кээ бирөөлөр ысытылган тамактын муздаганын күтүүнү жактырышпайт, андыктан табак бир аз ысытылат, […]

Сизге жагышы мүмкүн