Баткенде 2,8 млн сомго килем цехи ишке берилет

Автор

Баткен районунун Ак-Сай айылында килем цехи ишке берилет. Анда 28 адам жумуш менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Килем токуу ишканасын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн, айылдагы союз маалында кондитердик цех болгон имарат капиталдык оңдоп түзөөдөн өттү. Ага Баткен облусун өнүктүрүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен, 2 млн 800 миң сом ажыратылган.
Имаратка айыл элинин сунушу менен, килем цехин куруу боюнча долбоор жазылып, жактырылган. Натыйжада СASA-1000 долбоорунун алкагында АРИС уюму бардык керектүү жабдууларын орноткон.
Учурда 32 аял килем токуу боюнча окуудан өтүп жатат. Цехке сырье да ишканадан даярдалат. Айылдагы малдын жүнү кабыл алынып, жууп тазалоо менен жип өндүрүлөт. Натыйжада экологиялык жактан таза, жумшак, сапаттуу, жаңы технология менен токулган килемдер даярдалат.
Муниципалдык ишкана жакынкы күндөрү салтанаттуу ачылышытан кийин расмий түрдө ишке берилүүсү күтүлүүдө. Жыйынтыгында 28 адам жумуш орду менен камсыз болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин өзөктүк доктринага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берди

Россиянын Президенти Владимир Путин Ханойдо журналисттер менен жолугушууда Москва Батыш өлкөлөрүндө өзөктүк курал колдонуу босогосунун төмөндөөсүнө байланыштуу өзөктүк доктринасын өзгөртүшү мүмкүн деп билдирди. “Азыр биз өзөктүк доктринада эмнени өзгөртсөк болот деп ойлонуп жатабыз. Биз, жок дегенде, болжолдуу каршылаштар муну үстүндө иштеп жатышканын билебиз, өзөктүк курал колдонуу босогосунун төмөндөөсүнө байланышкан жаңы […]

Сизге жагышы мүмкүн