Баткенде 2 жаштагы кызды аёсуз сабаган деп өгөй атасы кармалды

Автор

Баткен районунда милиция кызматкерлери 2 жаштагы кызды сабаган деген шек менен өгөй атасын кармашты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-июнь күнү 2 жаштагы кыз Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факт ошол эле күнү милицияга кокустук катары катталып, текшерүү иштери жүрө баштаган.
Окуя жаш наристеге байланыштуу болгондуктан Баткен ОИИБдин ыкчам тергөө тобу түзүлүп, окуяны тыкыр иликтеп, КР Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери бар болгондуктан кылмыш иши козголгон. Арыз менен таянеси кайрылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну Ж.Т. шектүү катары суракка алынып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Коопсуздук кызматы: Теракт жасоого эмгек мигранттарын тартууда

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын жетекчиси Александр Бортников Украина НАТОнун чалгын кызматтарынын колдоосу менен Россияда теракттарды жасоо үчүн эмгек мигранттарын жалдап жатканын билдирди. «Каршылаш (Украина) АКШ жана башка НАТО өлкөлөрүнүн колдоосу менен Россия аймагында теракттар жана диверсиялар жасоого аракеттерди күчөтүүдө. Калк арасында дүрбөлөң маанайын жаратууга аракет кылууда. Алар резонанстуу кылмыштарды жасоочуларды, […]

Сизге жагышы мүмкүн