Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахта кулап, кен казуучу уран астында калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, окуя болгон жерге тез арада жети куткаруучу жөнөтүлүп, дагы алты куткаруучу тартылган.
«Куткаруучулардын ыкчам аракетинин аркасында шахтер аман-эсен чыгарылды. Ал тез жардам бригадасына өткөрүлүп берилди», — деп айтылат маалыматта.
Шахтада иштеген жумушчунун абалы туруктуу.