Баткенде төрт мектеп пайдаланууга берилди

Автор

Баткен облусунда быйылкы 2023-2024-жаңы окуу жылына карата төрт типтүү мектеп ачылып, пайдаланууга берилүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Алар:

 

  • Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби;
  • Исхак Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылындагы Жусуп Баласагын атындагы орто мектеби;
  • Баткен районунун Орто -Боз айылындагы Ж.Момунов орто мектеби;
  • Кыштут айылындагы Кыштут орто мектеби.

 

Мындан сырткары, дагы үч мектептин курулушу аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат.

 

Алар;

  • Көк-Таш айылындагы Көк-Таш башталгыч мектеби;
  • Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин кошумча имараты;
  • Кызыл-Бел айылындагы Масалиев орто мектебинин кошумча имараты.

 

Ошондой эле быйылкы окуу жылына карата Лейлек районунда Борбордук жана Максат орто мектептери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.

 

Учурда облуста жалпы 34 билим берүү мекемесинин курулушу жүрүүдө, анын 25и мектеп, 9у балдар бакчасы.

Бөлүшүү:
Next Post

УЕФА жылдын мыкты футболчусун атады

“Манчестер Сити” клубунун оюнчусу Эрлинг Холанд Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) тарабынан жылдын мыкты оюнчусу деп табылды. Сыйлыкка  бельгиялык Кевин Де Брюйне менен  өткөн сезондо франциялык ПСЖда ойногон Лионель Месси да талапкер болгон. Эрлинг Холанд өткөн сезондо англиялык “Манчестер Ситинин” мыкты оюнчусу деп табылган. Ал 52 матчка катышып, бардык мелдештерде […]

Сизге жагышы мүмкүн