Бүгүн, 23-март саат 02:07де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Баткен облусунун Сүлүктү, Раззаков шаарларында 5 балл, Баткен шаарында 4 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок