Баткенде жаңы «Дөгмөн» көмүр кени ачылат

Автор

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Ормузан аймагында жайгашкан “Дөгмөн” көмүр кени расмий ишке кирүү алдында турат. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Кен 30-августта өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда ачылат.
Кенди иштетүүгө жеке ишкер тарабынан 1 500 000 $ инвестиция салынган. Ишкана жылына 600,0 миң тонна көмүр өндүрүүсү күтүлөт.
Ишкананын ишке кириши менен 120га чейин жумуш оруну түзүлөт. Көмүр кени район борборунан 85 км аралыкта жайгашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

31-августта президенттик администрациянын жаңы имараты ачылат

Эгемендүүлүк күнүндө президенттик администрациянын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болот. Бул тууралуу ЖМК жазууда. Бишкектин түштүгүндөгү имаратты курууга эки жылдан ашык убакыт кетти. Жаңы имарат «Ынтымак – Манас Ордо» деп аталат. Участоктун жалпы аянты — 25,78 гектар. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн