Баткенде диний-экстремисттик кыймылдын мүчөлөрү кармалды

Автор

Баткенде «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын лидери жана 9 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында буга чейин Баткен жана Кызыл-Кыя шаарында, Баткен жана Кадамжай райондорунда «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнө карата бир катар тинтүү иштери жүргүзүлдү.
Тинтүүнүн жүрүшүндө экстремисттик топтун 1983-жылы туулган И.З.А. аттуу лидери жана 9 мүчөсү кармалды.
Кадамжай райондук сотунун чечими менен И.З.А. жана анын жакын өнөктөшү И.И.К. күнөөлүү деп табылып, өкүм чыгарылды. Ал эми диний-экстремисттик кыймылдын калган мүчөлөрүнө карата кылмыш иштери өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Баткен облусу боюнча «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын мүчөлөрүнүн активдүүлүгүн азайтуу максатында аталган кыймылдын 12 мүчөсүнө УКМК тарабынан расмий эскертүүлөр берилип, жыйынтыгында алар радикалдык-экстремисттик идеологиянын зыяндуулугун толук түшүнүшүп, мындан ары бул тыюу салынган уюмга мүчө болуудан ыктыярдуу түрдө баш тартышты.
УКМК ар кандай радикалдык-экстремисттик уюмдардын жактоочуларынын кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле алардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Денедеги ак тактар эмнени билдирет?

“Ак так оорусу” же витилиго – теринин ар кайсы жерлеринде ак тактардын жана өңү бузулган чачтардын пайда болушу менен мүнөздөлүүчү тери оорусу, көбүнчө беттин, манжалардын, чыканактардын, тизелердин, бүктөмөлөрдүн териси жабыркайт. Оору, адатта, симметриялуу жайгашкан бир же эки тактар менен көрсөтүлөт. Ак тактар териде ар кандай куракта пайда болушу мүмкүн, бирок […]

Сизге жагышы мүмкүн