Баткенде алгачкы жолу жүрөккө операция жасалды

Автор

Баткенде биринчи жолу жүрөккө операция жасалды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, Кадамжай шаарындагы “Улукман” медициналык борборунда жүрөктүн тубаса кемтик оорусуна заманбап аппараттардын жардамы менен тамыр аркылуу операция кылынды. Мында бейтаптын денеси хирургиялык жол менен кесилбегендиги менен өзгөчөлөнүп турат.
“Улукман” медициналык борборунун директору Залкар Баймуратовдун айтымында, учурда бейтаптын абалы канааттандырарлык.
Жүрөгүнө операция жасалган бейтап 4 балалуу 38 жаштагы аял. Ал буга чейин бөйрөк жетишсиздиги оорусу менен жабыркап пландуу түрдө гемодиализ процедурасын алып жүргөн. Алдыда анын бөйрөгүн алмаштыруу боюнча операциялар пландалган. Ошондуктан дарыгерлер алгач жүрөгүнө операция жасоо чечимин кабыл алышкандыгы белгилүү болду.

Бөлүшүү:
Next Post

НАТО Түштүк Кореядагы кырдаалга комментарий берди

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Түштүк Кореянын абалына көз салып жатышканын билдирди. Ал Түштүк Корея альянстын маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи. “Түштүк Корея биздин маанилүү өнөктөшүбүз. Биз бул абалга тыкыр көз салып жатабыз. Бирок азырынча бул ички кырдаал боюнча комментарий бербей турам”,-деди ал Брюсселдеги Түндүк Атлантика альянсына мүчө мамлекеттердин тышкы иштер […]

Сизге жагышы мүмкүн