Баткен облусунда талааларды зыянкеч чегирткелер каптады. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, изилдөө иш-чараларынын негизинде 16100 гектар жерден зыянкеч марокко чегирткеси аныкталган. У чурда талааларды дарылоо иштери жүрүүдө.
“Бүгүнкү күнгө карата 15 150 гектар жерге дары себилди. Натыйжада эгин талаалары зыянкечтерден сакталды”, — деп айтылат маалыматта.
АТР боюнча мыйзам долбоорун токтоосуз кабыл алып берүү сунушталды
Бей Июн 20 , 2024