№2 бир мандаттуу Баткен шайлоо округунан өткөн жумада Жогорку Кеңешке шайланып, мандат алган Бактыяр Калпаев шайлоочуларына ыраазычылык билдирип, жан үрөп иштеп берүүнү убада кылды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 16 майда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Ал авиа тармакта бир топ жылыштар болуп жатканын белгилеп, жаңы учактар алынып, кээ бир аймактарда аба майдандарын оңдоп түзөөдөн өткөрүп, ишке берген менен баа саясатында теңсиздик болуп жаткандыгын билдирди. “Баткенге учак билеттин баасы 6000 сом. Ал эми Абу – Дабиге 5000 сом. Баткенге 45 мүнөт, Абу – Дабиге 5 саат учасың. Бул жерде баа саясаты адилеттүү болбой жатат. Андыктан, ушул жагына көңүл буруп берсеңиздер”,- деди депутат.