Баткен облусуна авиа каттамдын баасы 6 миң сомдон, барып-келиши 12 сомдон болууда. Анын үстүндө каттамдар өтө аз. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Баткендиктердин суроо талабын айтып, билеттин баасын арзандатуу жана каттамды көбөйтүү маселесин көтөрдү.
Төрага Нурланбек Шакиев бул маселе боюнча Акылбек Жапаров менен сүйлөшүлгөнүн, өкмөт Тез Жет авиакомпаниясынын жетекчилиги менен макулдашып, билетти арзандатып жатканын, керек болсо, дотация иретинде калган сумманы министрлер кабинети төлөп берээрин айтты.