Батирлердин ижара акысы асманды чапчыды

Автор

Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек менен Оштогу батир бааларын көзөмөлгө алыш керектиги айтылды.
“Бишкек, Ош шаарларында батирлерди ижарага берүү акысын ким көзөмөлдөйт? Мына, бир бөлмөлүү батирлердин акысы 30-40 миң сомдон, ал эми 2 бөлмөлүү батирлерди 40-50 миң сомдон берип жатышыптыр. Азыр студенттер, жаштар, жаңы үйлөнгөндөр суранып жатышат, баасын көзөмөлдөп бергиле деп. Карасаңыздар, аябай кымбаттап кетти”,- деди депутат Бакытбек Марипов.
Ошондой эле ижарага берүүчүлөрдүн катаал шарттары боюнча айтып, аларды тез арада көзөмөлдөө керектигин билдирди. Белгилүү болгондой, ал шарттар көп балалууларга батирин ижарага бербөө, 2 бөлмөлүү батирге чектеп киргизүү жана 3-6 айлык депозиттик акы камтыйт.

Бөлүшүү:
Next Post

Ыш тууралуу таң калыштуу фактылар

Ыш, түтүн (смог) – азыркы заманбап жашообуздун чыныгы балээси болууда. Анын кир, таза эмес тумандары бардык ири шаарларда каптап турат. Бул адамдардын ден соолугуна гана эмес, бүткүл аймактагы экологияга да терс таасирин тийгизет. Түтүн бул биздин жашообуздун кесепети, атап айтканда, абанын булганышы тилекке каршы, азыркы учурда күрөшүүгө мүмкүндүк бере турган […]

Сизге жагышы мүмкүн