Израилдин коргоо министри Бенни Ганц Рамазан айы башталганга чейин ХАМАС тарабынан барымтага алынгандар кайтарылбаса, Израил күчтөрү Рафахтагы аскердик операцияларын кеңейтерин билдирди. “Биз муну координацияланган түрдө жасайбыз, америкалык жана египеттик өнөктөштөрүбүз менен сүйлөшүүдө жарандардын эвакуацияланышына көмөктөшөбүз. ХАМАСтын тандоосу бар. Алар багынып беришсе барымтадагыларды бошотуп, Газанын жарандары ыйык Рамазан майрамын белгилей алышат”,-деди ал. Рамазан айы 10 же 11-мартта башталары күтүлүүдө.