Волгограддын түштүк-батышындагы абактагы баш аламандыкта Россиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын (ФСИН) төрт кызматкери набыт болду. Тополоң чыгаргандар же адамдарды барымтага алган камактагы төрт киши жок кылынганы маалым болду.
23-август күнү Волгоград облусунун Суровикино шаарындагы №19 колонияда абак кызматкерлерин барымтага алуу болгон. Бул окуя тартип комиссиясынын жыйыны учурунда катталган. Кызматкерлерди барымтага алгандар Өзбекстан жана Тажикстанда туулганы айтылды.