“Барселона” Чемпиондор Лигасынан чыгарылышы мүмкүн

Автор

“Барселона” клубу Чемпиондор Лигасынан четтетилиши мүмкүн. Атактуу футбол клубунун Европа футбол ассоциациясынын каржылык эрежелерин бузгандыгы айтылууда.
Буга чейин УЕФА каталондук командага 500 миң евро айып салган. Чет элдик спорт басылмалары учурда “Барселона” клубунда каржылык иштери баш аламандыкта экендигин байма-бай жазышууда.
УЕФАнын жобосуна ылайык, клубдар чыгымдарын тиешелүү киреше менен компенсациялоого милдеттүү. Мындай баалоо акыркы үч жылдык цикл тууралуу болууда.
Эске салсак, бир күн мурун Европа соту ФИФА менен УЕФАнын футбол боюнча Суперлиганын уюштуруучуларына каршы аракеттерин мыйзамсыз деп тапкан. “Барселона” жана “Реал Мадрид” жаңы европалык турнирди түзүүнүн демилгечилери болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттикке дагы бир талапкер табылды

Россиядагы эки партия – “Өнүгүү партиясы” жана “Жаңы адамдар” биригип, өлкөдөгү президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер көрсөтүштү. Ал парламенттин төмөнкү палатасынын вице-спикери Владислав Даванков Анын талапкерлигин “Жаңы адамдар” курултайынын 69 делегаты бир добуштан колдоду. Владислав Даванков 1984-жылы 25-февралда Смоленск шаарында төрөлгөн. М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин, «Сколково» Москва башкаруу мектебин, ошондой […]

Сизге жагышы мүмкүн