БАПОР Израилдин чечими боюнча БУУнун Сотуна кайрылышы мүмкүн

Автор

Жакынкы Чыгыштагы палестиналык качкындарга жардам берүү жана жумуштарды уюштуруу боюнча БУУ агенттигинин (БАПОР) башчысы Филиппе Лаззарини Израилде кабыл алынган, агенттиктин Газа секторунда жана башка Израилдин көзөмөлүндөгү аймактарда иштөөсүнө тыюу салган мыйзамдык демилгелерди талашып чыгуу мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок.
«Биз мүмкүн болгон бардык жолдорду колдонуп жатабыз. Анын ичинде Эл аралык сотко кайрылуу бар»,-деди Лаззарини Нью-Йоркто БУУнун штаб-квартирасында өткөн маалымат жыйынында.
Израилдин Кнессети (Израил парламенти) БАПОРдун Израил аймагында иш алып барышына тыюу салуу чечимин 28-октябрда бекиткени белгилүү болду. Анда расмий адамдарына Жакынкы Чыгыштагы БУУнун агенттигинин кызматкерлери менен жолугушууга, аларга израилдик визаларды берүүгө же экономикалык артыкчылыктарды көрсөтүүгө тыюу салынат.
Андан сырткары, Израил бийлиги БАПОРдун кызматкерлерине карата кылмыш иштерин козгоону пландап жатат. Аларды террористтик ишке катыштыгы бар жана палестиналык «ХАМАС» кыймылынын 2023-жылдын 7-октябрында Израилге жасаган чабуулуна көмөктөшүүдө деп шектенишүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Ажылык-2025. Зыяратчыларды Flaynas жана Jazeera Airways авиакомпаниялары тейлейт

Кыргызстандан Сауд Арабияга баруучу зыяратчылар үчүн каттамдарды уюштуруу үчүн Flyadeal жана Jazeera Airways авиакомпаниялары тейлейт. Бул тууралуу КР мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, биринчи авиакомпания Сауд Аравиядан, экинчиси Кувейттен болуп саналат. Сауд Арабиясы 2025-жылдагы ажылык сапарга Кыргыз Республикасынан баруучу зыяратчыларга 6 миң квота бөлдү. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн