БАПОР: Газада 75 миңден ашуун тургун үйлөрүнөн кетти

Автор

БАПОРдун (БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча палестиналык качкындарга жардам берүү жана иштерди уюштуруу агенттиги) башкы комиссары Филипп Лаззарининин билдиришинче, акыркы бир нече күндүн ичинде Газа тилкесинин түштүк-батышында 75 миңден ашуун адам израилдик армиянын аракеттеринен улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.
«Акыркы бир нече күндүн ичинде эле 75 миңден ашуун адам Газанын түштүк-батышында үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту. Өткөн түнү Израиль бийлиги кошумча көрсөтмөлөрдү таратты. Бул дагы көп адамдарды качууга мажбурлап жатат»,-деп жазган Лаззарини X социалдык тармагында.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Эне жөнүндө сөз

Өмүр деген кереметти бизге тартуу кылган эне. Эненин касиетинен улам биз жарык күн менен баарлашып, нурга оронуп, ырыс-кешиктүү болдук. Ошондуктан “Эне” деген сөз “Жарык күн” деген маанини туюндуруп келет. Энелердин керемет аурасы бар. Балпайган ак чач энелердин жанына барып калсак мээрмандыкты, айкөлдүктү, жылуулукту, кең пейилдикти туямын. Мемиреген аруу бейпилдикке туш […]

Сизге жагышы мүмкүн