БАПОР: Газада суунун жетишсиздиги курч мүнөзгө ээ

Автор

БАПОР (Бириккен Улуттар Уюмунун Палестина качкындарына жардам көрсөтүү жана жумуштарды уюштуруу боюнча Жакынкы Чыгыш агенттиги) Жакынкы Чыгыштагы согуштук жаңжалдардан улам Газа тилкесинде суу жетишсиздиги катастрофалык мүнөзгө ээ экенин эскертти.
БАПОРдун өкүлү Сэм Роуз Газадагы суу менен камсыздоо абалы өтө оор экенин, суунун булгануусу тамак-аштын жетишсиздигинин жана оорулардын өсүшүнө алып келерин айтты.
Al Jazeera телеканалы белгилегендей, Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарындагы суу кризиси күчөп жатат. Израил күчтөрү кудуктарды, суу сактагычтарды жана насосторду талкалап жатышат. Шаар бийлиги алардын ишин калыбына келтирүүдө чоң кыйынчылыктарга туш болууда. Жергиликтүү тургундардын бири түзүлгөн абал боюнча эл аралык коомчулукту кийлигишүүгө чакырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Маймыл чечеги: Кыргызстанда катталган жок, абал туруктуу

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда маймыл чечек оорусу катталбган жок жана бул оору боюнча өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-августта Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму акыркы эки жылда маймыл чечек оорусунун чыгышы боюнча экинчи ирет дүйнөлүк мааниге ээ болгон өзгөчө кырдаалды жарыялады. Африканын айрым аймактарында […]

Сизге жагышы мүмкүн