Kaspi.kz компаниясынын маалыматына караганда 18-июнда Астанадагы Kaspi.kz филиалына куралчан адам кол салып, кызматкерлерди коркутуп-үркүткөн. “Коргоочулар көрсөтмө боюнча дароо дүрбөлөң кнопкасын иштетип, полиция окуя болгон жерге тез арада жеткен. Барымтадагыларды бошотуу операциясы 2 саатка созулуп, ийгиликтүү аяктады. Кол салган адам зыянсыздандырылды. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, адам наркологиялык диспансерде каттоодо турат»,-деп айтылат билдирүүдө.
«Кызматкерлерибиздин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн атынан укук коргоо органдарына ыкчамдыгы жана кесипкөйлүгү үчүн терең ыраазычылык билдиребиз»,-деп кошумчаланды.
Астанада куралчан адам Kaspi банкынын имаратында адамдарды барымтага алган. Банк жайгашкан үйдүн жашоочулары эвакуацияланып, полиция алгач баскынчы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң имаратка чабуул жасаган. Баскынчы кармалды.