Владимир Зеленскийдин кеңсесинин сайтында украин улутчул Степан Бандеранын орденин аскер кызматкерлерине тапшыруу, мамлекеттик сыйлык катары түзүү сунушу жазылган петиция катталды.
«Степан Бандера ордени» мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылсын жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн коргоодо көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн аскер кызматкерлери аны менен сыйлансын»,-деп айтылат кайрылууда.
Петиция дүйшөмбү күнү катталган. Шейшемби күнү эртең менен ал кароо үчүн зарыл болгон 25 миң добуштун эки жүзүн алды.
Бандера Украина улутчулдарынын уюмунун лидери, «Украина козголоңчу армиясын» түзүүнүн негизги демилгечилеринин бири болгон. Анын максаты өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөш деп жарыяланган.
Штефан Таркович расмий түрдө “Ак шумкарлардын” машыктыруучусу болду
Шей Май 2 , 2023