Балыкчы шаарындагы автобекет мамлекетке кайтарылды

Автор

Балыкчы шаарындагы автобекет мамлекетке кайтарылды.Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.
Маалыматка ылайык, Балыкчы шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Балыкчы шаарынын автовокзалы мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган.
Шаардык прокуратура мыйзамсыз менчиктештирип алган жеке тараптын укук аныктоочу документтерин жокко чыгартуу үчүн сотко доо арыз келтирип, кароонун жыйынтыгында сот органдары тарабынан жараксыз деп табылган.
Анын негизинде шаардык мэрияга прокурордук талап киргизилип, Балыкчы шаарынын Абдрахманов №17-Б дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1,67 га болгон, орточо базар баасы 85 млн 501 миң сомду түзгөн Балыкчы автовокзалы мамлекетке кайтарылды.

Бөлүшүү:
Next Post

Ташиев бийликти басып алууга аракет кылгандар боюнча комментарий берди

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “7-каналга” маек куруп, жакында эле бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен кармалган адамдар тууралуу комментарий берди. “Бизде булар жөнүндө башынан эле толук маалыматтар бар болчу. Куралдарды, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип “кустарный метод” менен жасасак болот […]

Сизге жагышы мүмкүн