“Балыкчы – Кочкор” темир жолун куруу уланууда

Автор

“Балыкчы-Кочкор” темир жолдун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы пландалган 5 чакырым темир жол толугу менен курулуп бүткөн. Жумуштар толугу менен “Кыргыз темир жолу” МИнин өздүк каражатынын эсебинен аткарылган.

2023-жылга 15 км курулушу пландалып, анын ичинен 11 км төмөнкү курулуш жол даярдалып бүттү, калган 4 чакырымында иштер уланууда жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт. Мындан тышкары даярдалган жолдо темир-бетон шпалдарын, рельстерди төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштерине жалпысынан ишканадан 85 жумушчу жана 26 атайын техника тартылган.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 31-мартында президент Садыр Жапаров “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жолунун курулушунун башталышына старт берген. “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” (186 чм) долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы – узундугу 63 чакырым болгон “Балыкчы – Кочкор” темир жолунун участогун куруу саналат.

Бөлүшүү:
Next Post

Маск АКШны Украина эмес, өзүнүн чек арасын ойлоого чакырды

Америкалык саясатчылар Украина чек арасына караганда Американын Мексика менен чек арасы жөнүндө көбүрөөк ойлонушу керек.  Бул тууралуу миллиардер Илон Маск социалдык тармактарда билдирди. “Эмне үчүн эки тараптын тең көптөгөн америкалык саясатчылары Украинанын чек арасына АКШнын чек арасына караганда жүз эсе көп кам көрүшөт?”,-деп жазган Маск. Ал  америкалык чек арадагы абал күн […]

Сизге жагышы мүмкүн