Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушунун 20 чакырымы аяктады

Автор

Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы 5 чакырым, ал эми 2023-жылы 15 чакырым темир жолу курулуп бүткөрүлгөн. 2024-жылга 15-20 чакырымын куруу иштери пландалууда.
Ал эми учурда Орто-Токой суу сактагычынын аймагында темир жолдун төмөнкү конструкциясын куруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле саздак тилкелерге геоторлор салынып, көлөмү чоң суу өткөргүч түтүктөрү орнотулууда.
Курулуш иштерине жалпы 30дан ашуун атайын техника жана 60тан ашуун жумушчу тартылган. Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулуш иштери башталгандан бери жалпы 45 суу өткөргүч түтүкчөлөр орнотулган.
Ал эми Кочкор аймагындагы 30-44 чакырымдарда бургулоо-жардыруу иштеринин долбоору даярдалып, тиешелүү мекемелер менен макулдашуу иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» жумушка чакырат

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы өзүнүн жамаатына жооптуу кызматкерлерди чакырат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Муниципалдык ишканага жашы 18ден жогору төмөнкү адистер талап кылынат: электрик; токарь; слесарь; «Т» категориясындагы троллейбустун айдоочулары. Каалоочулар 0312 65 75 90 телефон номерине же Москва көчөсү, 237 дареги боюнча кайрылсаңыздар болот. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн