Учурда «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштери кайрадан башталды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш иштерине 20 атайын техника жана 30 жумушчу тартылган.
Белгилей кетсек, 2022-жылы «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече» темир жолунун курулуш иштеринин 5 чакырымы курулуп бүткөн. Куруу иштери толугу менен «Кыргыз темир жолу» ишканасынын өздүк каражатынын эсебинен аткарылган.