Балдарды мектепке электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Автор

Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына балдарды электрондук каттоонун II этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
II этаптын биринки күнү 9 миңден ашык бала катталды. Ал эми 8-апрелден 2-июнга чейин жүргүзүлгөн электрондук каттоонун I этабында 70 миң 16 бала катталган. Балдарды биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүрөт.
Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
1. № 26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. № 70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. № 29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
5. № 13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.
6. А.С. Пушкин атындагы № 17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.
7. № 62 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
8. № 37 мектеп-гимназия.
9. Чыңгыз Айтматов атындагы № 63 мектеп-гимназия.
10. Низами Гянджеви атындагы № 103 жалпы орто билим берүү мектеби.
11. Аалы Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназия.
12. Токтогул Сатылганов атындагы № 69 окуу-тарбия комплекси.
13. № 33 мектеп-гимназия.
14. Райкан Шүкүрбеков атындагы № 38 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
15. № 100 жалпы орто билим берүү мектеби.
Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында каттайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Нетаньяху Газада ок атышууну токтотууга даяр

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн Коргоо күчтөрү Газа тилкесинин аймагындагы согуштук аракеттерди 6 жумага токтотууга даяр экенин билдирди. Бирок Израил тарап ХАМАСты жеңбестен согушту токтотуудан баш тартууда. «Барымтадагыларды кайтаруу үчүн согуш токтотулат, андан кийин биз консультацияларды өткөрөбүз»,-деди премьер-министр. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн