Балдардын өлүмү менен коштолгон өрт: Полиция кылмыш ишин козгоду

Автор

Астананын Өзгөчө кырдаалдар департаменти жеке турак жайдагы өрт боюнча балдардын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин козгогонун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
“Жеке эки кабаттуу турак үйдөгү өрт боюнча, өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушу балдардын өлүмүнө алып келди. Текшерүү бүткөндөн кийин иликтөөнүн жыйынтыктары белгилүү болот,”-деп айтылат билдирүүдө.
17-ноябрда эртең менен Астанада жеке турак үйдө чыккан өрттөн төрт бала каза болду. Эки кабаттуу жеке үйдүн чатыры күйүп, жарым-жартылай урап түшкөн. Каза болгон балдардын жашы 13, 9, 3 жана 2 жашта эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек жана Ош шаардык кеңешине өткөн партиялар канчадан мандат алышат?

Бишкек жана Ош шаардык кеңешине өткөн партиялар канчадан мандат алышы мүмкүн? Бишкек шаардык кеңешинде мандаттар кандай бөлүштүрүлөт: ▪ “Жаны күч — Новая сила” — 16 мандат ▪ “Эмгек” — 13 ▪ “Адилет” — 8 ▪ “Ынтымак” — 8 ▪ “Эл үмүтү” — 6 Шаардык кеңеште жалпысынан 51 депутат болот. Ош […]

Сизге жагышы мүмкүн