Балдардын көйгөйү көбөйдү

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн, 16-майда парламенттин жалпы жыйынында балдардын абалы, көйгөйү жана аларга болгон мамиле начарлап кеткендигин айтты.
Эл өкүлү “Жакында эле 3 жашар Наргиза сабалды, 2 жашар Игорь аёсуз сабалып, жыныстык мучөсүн кескилегенге чейин барышкан. Нарын дарыясына наристелер чөгүп жатат. Балдар мамлекттин эң чоң байлыгы, келечеги болуп саналат. Бирок балдардын өлүмү, оорусу, кырсыктар абдан көбөйүп кетти”, -деди
Айрыкча депутат акыркы учурларда чиновниктер балдарды ар кандай иш-чараларга колдонуп, кычырган кышты гүл карматып, тизип коюшат же мээ кайнаткан ысыкта көчөлөргө койгонун сындады.

Бөлүшүү:
Next Post

«Манас» аба майданында бомба табылган жок

«Манас» эл аралык аэропортуна бомба коюлду деген маалымат саат 9:00дө түшкөн. Мындан улам аба майдандын аэровокзалы эвакуацияланып, текшерүү жүргүзүлдү. Маалыматка ылайык, эч кандай бомба табылган жок. Кошумчалангандай, каттамдар да кармалбай, аба майданы штаттык режимде иштөөдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн