Балбан кыздар Азия чемпионатынан кайтып келишти

Автор

Кыргызстандын кыз-келиндер арасында күрөш боюнча курама командасы Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатынан кайтып келишти.

Спортчуларды 13-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы курамасы Азия чемпионатында үч медаль уткан:

 

1-орун — Айсулуу Тыныбекова (62 кг);

2-орун — Айпери Медет кызы (76 кг);

3-орун — Калмира Билимбекова (59 кг).

Бөлүшүү:
Next Post

Ким Чен Ын өзөктүк чабуулга даяр экенин билдирди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жаңы Хвасон-18 өлкөнүн өзөктүк контрчабуулга даярдыгын жогорулатарын, Түндүк Кореянын стратегиялык күчтөрүн калыбына келтирээрин айтты. Бейшемби күнү Түндүк Корея жаңы Хвасон-18 континенттер аралык баллистикалык ракетасын сынады. Ким Чен Ын биринчи сыноону жеринде жеке өзү көзөмөлдөгөн. Япония менен АКШ Түндүк Кореянын ракета учуруусуна жооп иретинде согуштук […]

Сизге жагышы мүмкүн