Балбан кыздарга дары-дармек жетишсиз болгондугу айтылды

Автор

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров кыз-келиндер күрөшү залына барышты. Аларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча департаменти чакырган. Сапардын алкагында олимпиадага даярдык менен таанышып чыгышып, көйгөйлөр, аны чечүү жолдору талкууланган.
Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча департаменттин директору Мелис Тобокелов менен улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков спортчуларга витамин, дары-дармек сатып алуу кечеңдеп жатканын маалымдашкан.
Алардын айтымында, каржылоо өз деңгээлинде каралганы менен керектүү дары-дармекти сатып алуу боюнча тендер арыздар түшпөгөндүктөн өтпөй калган.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев витамин, дары-дармек сатып алууну каржылоону Саламаттык сактоо министрлиги жүргүзбөй турганын айтып, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармекти түз сатып алууга мүмкүндүк бере турган Министрлер кабинетинин буйругун даярдоону сунуштаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Жогорку Кеңеш өкмөт демилгелеген мыйзам долбоорун четке какты

Бүгүн, 21-январдагы парламенттин отурумунда депутаттар өкмөт сунуштаган “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырган жок. Мыйзам долбооруна 71 депутат “каршы” деген добушун берди. Депутат Айбек Осмонов жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын чектеген мыйзам долбооруна каршы чыгып, “андай болсо, жергиликтүү кеңештерди жоюп […]

Сизге жагышы мүмкүн