Балбан Акжол Махмудов Польшадагы мелдеште алтын медаль утту

Автор

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов Польшадагы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешинде алтын утту.
Мелдештер 19-23-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.
Махмудов 77 кг салмакта күч сынашты. Ал катары менен украиналык, алжирлик жана колумбиялык атаандаштарын жеңип, финалга чыккан.
Финалда Махмудов польшалык Патрик Беднарц менен кез келип, аны 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулуш иштери башталды

Ош шаарында эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулуш иштери башталды. Мэрдин орун басары Замир Юсупов бүгүн муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жеринде техникалык көчмө жыйын өткөрдү. Анда эки деңгээлдүү жол өтмөгү Монуев – Шакиров – Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишине курула тургандыгы айтылды. Мында тиешелүү кызматтарга өздөрүнө тиешелүү болгон жумуштарды ыкчам бүткөрүп берүү, жумушту […]

Сизге жагышы мүмкүн