Балбак Түлөбаев өкмөткө нааразы

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бүгүн, 18-сентябрда парламенттин жалпы жыйынында өкмөткө нааразы болгон жагдайларын айтты.
“Ысык-Көл облусунун генералдык планы менен генералдык схемасы иштелип чыгып, бирок, 3 жылдан бери бүтө элек. Ак -Суу, Тоң, Ысык-Көл райондоруна президентибиз инвестиция тартып келүүдө бирок, генералдык план жок алар кантип ишке ашат? Жерлер, жайыттар чаржайыт жатат. Негизи, өкмөт мобилдүү иштейт. Бирок, Ысык-Көл облусуна келгенде эле иштебей калабы”,- деди Балбак Түлөбаев өкмөткө нааразычылыгын билдирип.
Депутат маалымдагандай, собатаж жасаган министрликтер бар. “Кайсы министрдин кызыкчылыгы болсо, айтышсын. Анда, биз президентибизге кайрылалы. Мисалы, Тоң районунда бир жерде 19 метрди 800 миң долларга салып жатат, башка жеринде 17 метрди 800 миң долларга салып жатат. Кана адилеттүүлүк? Өнүгөбүзбү же, ушинтип ойноп, отура беребизби”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жолдор оңдолбой жатат. Акча которулбай жатабы?

Жогорку Кеңештин бүгүн, 18-сентябрдагы жалпы жыйынында депутат Аманкан Кенжебаев жолдор боюнча маселе көтөрдү. Депутат Аманкан Кенжебаев маалымдагандай, титулга кирген жолдор оңдолбой, жолдордун оюлган жери дале болсун жамалбай жатат. Ишканалар каражат бөлүнбөгөнүн билдиришүүдө. “Транспорт же, финансы министрлиги акчаны бөлбөй жатабы? Ушул жагын тактап берсинчи, өкмөт. Мына кыш келатат. Сокулукта жолдор оңдолгон […]

Сизге жагышы мүмкүн