“Мадумаровду чыккынчы деп айтууга болбойт. Ал чыккынчы эмес. Бир аз Кудайды караш керек”,- деп айтты депутат Балбак Түлөбаев коллегасы Адахан Мадумаров боюнча пикирин билдирип жатып. “Ал түрмөдөн күчтүү болуп чыгат. Аны сынып чыгат дешсе, жаңылышат. Мен же, айрым коллегаларыбыз балким келечекте саясатта болбошубуз мүмкүн. Бирок, ал киши сөзсүз болот. Анын кол койгон протоколу мыйзамсыз. Аны менен эч нерсе кылалбайсыңар”,- деди депутат.