“Бишкекте суу жок, мэр тайраңдап Сочиде ойноп жүрөт”, – деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бүгүнкү, 8-июндагы жалпы жыйын учурунда. “Эч болбосо, вице-мэрлерди кызматтан кетирбегиле десе, болбойсуңар. Мэрлерди бир жылга жетпей алмаштыра берсе, ушундай болот. Октябрь районунун таштандысын эч кимге бербегиле десе, болбой койдуңар эле. Талкалап бүтүштү”,- деди.
Ал Каракол шаарындагы ипподром маселесин да козгоп, өкмөттү күнөөлөдү.