Бала бакча тарбиячыларынын айлыгы көтөрүлөт

Автор

Кыргызстанда 2025-жылы бала бакчалардын тарбиячыларынын айлыгын көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын бюджеттик планы каралып жатканда бул маселе Финансы министрлиги менен биргеликте киргизилди.
“Буйруса кийинки жылы бала бакчалардын тарбиячыларынын айлыгы көтөрүлөт”, – деди ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Мугалимди кордогондор боюнча айып пул көбөйөт

Эми мугалимдерди мазактап, сабактарын үзгүлтүккө учураткандар 25 миң сом айып пул төлөшөт. Мындай жазаны билим берүү министрлиги сунуштап жатат. Эгерде ушундай мазактоолор 16 жашка чейинки өспүрүмдөр тарабынан жасалса, анын ата-энесине эскертүү берилет. Эскертүү бир жыл ичинде кайталанса, анда, 30 миң сом айып салынат. Кыргызстанда мугалимдердин кордолушу күч алганы айтылып келет. […]

Сизге жагышы мүмкүн