Жогорку Кеңештин депутаттары “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү сунуштап жатышат.
Аталган мыйзамдын долбоорундагы 28-берененин 6-бөлүгү талаш – тартыштарды жаратууда.
“Эгер бала бакчаларда тамактанууга ата-энелерден акы алынса, анда аярлуу катмардын балдары мектепке чейинки бекер билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетпей калышы мүмкүн”,- дешет депутаттар.
Эл өкүлдөр Башмыйзамдын 46–беренесинин 3-бөлүгүндө жазылгандай, мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим берүү акысыз жүргүзүлөрүн эскертишүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 11-августунда кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 28-берененин 6-бөлүгүндө, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылары белгиленген. Мындан улам каржы министрлиги каржылоону токтотууда.